Ирандын Жогорку мыйзам чыгаруу органы – Ислам ыңкылабынын Сакчылар кеңеши 12-июнда өткөн президенттик шайлоо маалында айрым бурмалоолор болгонун мойнуна алды. Кеңештин басма сөз өкүлү Аббас-Али Кадхудайинин ырасташынча, добуштар кайра саналып чыккан 50 шаарда шайлоочулардын санына караганда, жыйналган бүллетендердин саны алда канча көп болуп чыккан. Ал жалпы-жонунан үч миллиондой бүллетен ашыкча болуп чыкканын айтты. “Бирок бул сан жалпы шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албайт”, деп белгиледи Кадхудайи. 10 күн мурда Иранда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыктары оппозициянын тарапкерлеринин нааразылыгын жаратып, он миңдеген киши көчөгө чыгып келди. Оппозициячыл талапкер Мир Хусейн Мусави шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.