Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:33

Түркмөн тышкы иштер министри иш сапары менен АКШда жүрөт


Рашид Мередов Вашингтондо АКШнын расмий өкүлдөрү менен бир катар маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө. Президент Барак Обаманын администрациясынын атын атабаган өкүлү бүгүн башталып жаткан иш сапары учурунда түркмөн тышкы иштер министринин кимдер менен жолугары белгисиз экенин, бирок жолугушууларда эки тараптуу жана регионалдык маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланарын белгиледи.

Бул аралыкта Түркмөнстандын өзүндө кечээтен тарта президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун келе жаткан туулган күнү менен байланышкан иш-чаралар башталды. Бердымухаммедов 29-июнда 52 жашка толот. Бул датаны утурлай түркмөн президенти “Прогресстин жаңы бийиктиктерин көздөй” деп аталган жаңы китеби чыгарган жатат.

XS
SM
MD
LG