Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Кытай Түркмөнстанга 4 миллиард доллар насыя ажыратат


Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик телеси кабарларды. Түркмөн телесинин дагы бир кабарына караганда, Түркмөнстан Кытайга сатуучу газынын бир жылдык көлөмүн 30 миллиард куб метрден 40 миллиардга чыгарууга макул болгон. Тараптар мындай макулдашууларга кечээ Ашхабадда өткөн сүйлөшүүлөр учурунда жетишкен. Президент Гурбангулу Бердымухаммедов Ашхабадда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьер-министри Ли Кэцян баштаган өкүлдөр менен сүйлөшүү өткөргөн.

Түркмөн газын Кытайга ташуу үчүн учурда узундугу 7 миң чакырым келген куур салынууда. Пекин Түштүк Йолотан газ кенин иштетүү үчүн Ашхабадга 3 миллиард доллар насыя берери жөнүндө Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттары алгач ушул айдын башында кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG