Бул тууралуу тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев бүгүн билдирди. Анын айтымында, Транзиттик борбор түзүү боюнча Кыргызстан менен АКШнын сүйлөшүүсү 16-17-июнда болуп, 22-июнда келишимге кол коюлду. Ага чейин сүйлөшүүлөр жүргөн эмес.Келишимге кыргыз тараптан тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев, америка тараптан элчи Т.Гфэллер кол койгон. (AiT)