Партиянын төрагасы Советбек Жамалдинов тараптын маалымат каражаттарына кабарлоосуна караганда, Ордо кеңеш Роза Нурматова, Жолдош Орозов, Мырзабек Шералиевди партиянын катарынан чыгарды. Ал эми Салмоорбек Дыйканов өз катачылыгын мойнуна алып, өз кадамын түшүндүрүп берүү ниетин билдирген үчүн партия катарынан чыгарылган жок жана ага эскертүү берилди. Партия президенттике Темир Сариевдин талапкерлигин колдоо иштерин жүргүзүп жатат. Ошол эле кезде “Асабанын” 16-июндагы курултайында партиянын төрагасы болуп шайланган Салмоорбек Дыйканов Жамалдиновдун тарапкерлеринин маалыматын төгүнгө чыгарып, ал партиянын төрагасы болуп курултайда мыйзам чегинде шайланганын билдирди. Бирок азыркы мезгилде “Асаба” партиясынын мөөрү жана башка юридикалык документтери Советбек Жамалдиновдун колунда турат. (AiT)