Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Таласта ЮНИСЕФтин “Гүлазык” программасы башталды


Программа Таласта 18 ай бою ишке ашырылат. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Тимати Шафтердин айтуусунда, аны андан ары улантуу, каржылоо маселеси долбоордун жүрүшүнө жараша чечилет. Долбоордун алкагында 9 миң бала гүлазык менен камсыз болот. Ал областтагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, бир балага 2 ай убакытка 30 пакеттен берилет. Гүлазык – бул 6 айдан 2 жашка чейинки балдар үчүн даярдалган витамин-минералдык тамак-аш кошулмасы. Ал аз кандуулуктан жабыркаган балдарга тамагына кошулуп берилет. Таласта беш жашка чейинки балдардын 71, 5 пайызы анемиядан жабыркашат. Ушул себептен долбоорду ишке ашыруу үчүн алгач Талас облусу тандалып алынган.(AzK)

XS
SM
MD
LG