Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

Бүгүн баңги заттарына каршы күрөшүү боюнча эл аралык күнү


Бул күнү Ички иштер министрлиги “Ажал менен каерде соода кылышат?” деген аталыштагы бир айлык акцияны башташат. Акция учурунда баңгизаттары менен соода кылгандар жана каерде соода кылышары тууралуу катардагы жарандарды маалымат берүү сунушталат. Ошондой эле милиция кызматкерлери жергиликтүү башкаруу органдары, педагогикалык жана медициналык мекемелер, бейөкмөт уюмдар менен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда өткөн жылы баңги заттарга берилген 8500 адам катталса, быйыл алардын саны 9 миңге жеткен. Ошондой эле маң заттарын пайдалануу СПИД илдетинин жайылышы менен коштолуп 2008-жылы ВИЧ инфекциясын жуктургандар 1479 болсо, үстүбүздөгү жылы 2075 кишиге жеткен. (AJ)

XS
SM
MD
LG