Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Нарында кутурган жылкынын айынан 62 адам ооруканага жаткырылды


Окуя 22-июнь күнү Нарын районундагы Таш-Башат айылында болгон. Айыл тургуну Кайырбек Усуповдун аты жаталак негизинде ооругандыктан айыл тургундары өз алдыларынча дарылашат. Натыйжада айылдык Турусбек Касымалиевдин колун ат тиштеп алгандыктан, ал облустук ооруканага жаткырылган. Нарын районунун акими Ишенбек Медетов Таш-Башат айылындагы орто мектеп убактылуу эмканага айландырылып, 26-июнга карата ал жерге 62 адамды алып келип эмдөө жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Нарын райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Туратбек Мурадилов айылдан 245 ит, 96 мышык атылгандыгын, айылдагы калк катмары толук иликтенип жаткандыгын маалымдады. Нарын облустук жаныбарлардын ден соолугун көзөмөлдөө борборунун башчысы Жалил Алымкулов аттан кутурма дарты чыккандыгын, ага дарт карышкырдан жуккандыгын бышыктады. (KUs).

XS
SM
MD
LG