“Ак шумкар” партиясынан президенттикке талапкер Темир Сариев эки күн бою Нарынды кыдырып шайлоочулар менен жолугушат. Оппозициянын бирдиктүү талапкери, Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев Баткендин өзүндө эл менен жолугушуп, учурда Айдаркен шаарчасына бет алды. Бул тууралуу А. Атамбаевдин штабынан “Азаттыкка” кабарлашты. Аялдардан жалгыз талапкер Токтайым Үметалиева Ысык-Көлдү кыдырууда. Азыркы мамлекет башчы, президенттикке талапкер Курманбек Бакиев кечээ Чүйдө болгон. Дагы бир талапкер, дарыгер Жеңишбек Назаралиев шайлоочулар менен Интернеттеги баракчасы аркылуу байланышып жатат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 23-июлда өтөт, ага алты талапкер ат салышууда. (EBM)