Көпчүлүктүн сүймөнчүгү болгон Бразилияны жеңсе, АКШнын командасы Футбол федерациясынын ири таймашында биринчи жолу чемпион болот. Эки команда 18-июнда даярдык иретинде беттешкенде Бразилия АКШны 3-0 эсебинде утуп алган. АКШнын жакында Испанияны жеңип, финалга чыгышы футбол күйөрмандарын айран-таң калтырган эле.