Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылого караганда, өлкөнүн азыркы премьер-министри Сали Беришанын бийликтеги Демократиялык партиясы алдыда, ал дагы бир мөөнөткө бийликте калчудай.
Шайлоо алдындагы сурамжылоолордо башкаруудагы Демократииялык партия менен оппозициядагы Социалисттик партиянын көрсөткүчтөрү дээрлик тең болчу. Бул эки партия тең Албаниянын Евробиримдикке жакындатууну жана жакырчылыкка каршы күрөшүүнү убада кылган. Парламенттеги 140 орун үчүн жалпысынан 34 партиянын 4300 талапкери ат салышты. Добуш берүүгө 500дөй чет элдик, 3000дей жергиликтүү байкоочу көзөмөл салды. Коопсуздукту камсыздоо ишине өлкө боюнча 5500дөй полицей тартылды. Батыш шайлоо Албаниядагы демократия жана өлкөнүн Евробиримдикке ылайыктуулугу үчүн сыноо болорун белгилеген.