Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Кыргызстандын аймагына өтүп келген жоочулар көп болуусу ыктымал


Мындай билдирүүнү бүгүн республикадагы «Таза дин» кыймылынын башчыларынын бири Дилмурат ажы Орозов таркатты. Облустун бул мурдагы казысынын билдиришинче, Кыргызстанга өткөн куралдуу кишилер Жалал-Абат шаары менен Өзгөн районунда жок кылынган жоочулардын санынан көп болуусу мүмкүн. Алардын келүүсү жөнүндө тиешелүү уюмдар бир жарым ай мурда маалымдалган. Жоочулар эл аралык террордук уюмдарда даярдыктан өтүшкөн жана алардын аракети ислам динине каршы . Жоочулардын көпчүлүгү өлкөнүн жана Казакстандын түштүк аймактары менен Тажикстандан, Фергана өрөөнүнөн чыккандар. "Алар Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга өтүүнү каалаган. Тынч турмушту бузгусу келгендер адам укугун да бузууда", - деп билдирди Д. Орозов. Белгилүү болгондой, террорчулукка каршы жүргүзүлгөн атайын операцияда, Жалал-Абат менен Өзгөндө ИДУ жана "Ислам жихады" деген уюмдардын мүчөлөрү деп шектелген куралдуу 9 адам жок кылынган.(YA)

XS
SM
MD
LG