Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Президенттике талапкерлер үгүт иштерин улантууда


Бириккен Элдик Кыймылдын президенттике бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев жума күнү Ысык-Көл облусунда шайлоочулар менен жолугушууларды баштайт. Алгач Атамбаев Балыкчыда, андан кийин Чолпо-Ата, Каракол шаарларында жолугушуулар өткөрөт. Президент Курманбек Бакиев Суусамырда малчылардын слетунда, андан кийин Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушунда болот. “Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариев жума күнү штабда иштеп, ишемби күндөн тарта Жалал-Абад жана Ош облустарына кыдырууга чыгат. Калган талапкерлер Жеңишбек Назаралиев, Нурлан Мотуев жана Токтайым Үмөталиева Бишкек жана Чүйдө жолугушуулар өткөрүп жатканы кабарланууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG