Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Ирандык таанымал укук коргоочу шайлоодон кийинки адам укугун бузууларды иликтөөгө чакырды


Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Ширин Эбади мындай чакырыкты БУУнун башкатчысы Пан Ги Мунга жолдогон катында жасаган. Ал башкатчыны 12-июндагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдө орун алган адам укугун бузуу фактыларын иликтөө үчүн атайын өкүл жөнөтүүгө үндөдү.

Пан Ги Мунга жолдонгон катка Эбади менен кошо Адам укуктары боюнча эл аралык федерация, Адам укуктарын коргоонун Иран лигасы деген уюмдар да кол койгон.

Мурдараак БУУнун башкатчысы да президенттик шайлоону жыйынтыгы бурмаланды деп эсептеп, көчөгө чыккан адамдарга каршы Иран бийликтеринин күч колдонуусун айыптаган болчу.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары шайлоодон кийинки тополоңдор учурунда 20 адам мерт болгонун кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG