Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

“Азаттык” кыймылынын жетекчиси 14-июлда нааразылык акциясына чыгат


Бул тууралуу аталган кыймылдын башчысы Өндүрүш Токтоназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айытымында, ал шейшемби күнү акция өткөрүп президент Курманбек Бакиевге, Президенттин катчылыгына жана басма сөз кызматына, Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевге, Маданият жана маалымат министри Султан Раевге, УТРКнын директору Мелис Эшимкановго “Азаттык” кыймылынын мүчөлөрүнүн атынан кайрылуу тапшырат.

Кайрылууда жакында өлкөдө эң чоң саясий иш чара президенттик шайлоо өткөрүлөөрү, бул маанилүү окуяларга байланыштуу “Азаттык” үн алгысынан маалыматтарды угуу, элдин ой-пикирин чагылдырып туруусу үчүн аталган үн алгынын уктурууларын УТРКнын I же II каналдары аркылуу сапаттуу жыштыктан уктурууну жана “Азаттыктын” теле долбоорлору “Ыңгайсыз суроолор”, “Азаттык+” көрсөтүүлөрүн кайрадан көгүлтүр экранга чыгаруу талабы айтылган. Эгерде бул талаптар аткарылбаса аталган кыймылдын мүчөлөрү Конституциялык укуктарынан пайдаланып ар кандай акцияларга чыгышары белгиленген.

Ө.Токтоназаров 14-июлда акцияга чыгары тууралуу Бишкек мэриясына 26-июнда билдирүү жолдогон. Биринчи-вице-мэр М.Исмаилов жооп иретинде “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык президенттин жана премьер-министрдин резиденцияларына, Жогорку Кеңештин имаратына 30 метрден жакын аймактарда коомдук иш чараларды өткөрүүгө тыйуу салынарын эскерткен. Ошондой эле, акция өткөрүү учурунда коомдук тартипти сактоо боюнча бардык шарттарды аткарууга милдеттүү экендигин билдирген.

“Азаттык” үн алгысы 2008-жылдын 8-октябрынан бери УТРКнын II каналынан уктурулбай, теледолбоорлору көгүлтүр экрандан чыгарылбай калган. (AJ)

XS
SM
MD
LG