Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Торугарт жана Эркечтам чек араларында текшерип өткөрүү күчөтүлдү


Ошондой эле “Манас” аэропортунда Үрүмчү-Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрүн текшерип өткөрүү да үч күндөн бери күчөтүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” КР чегара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турусбеков маалымдады. Ал ошондой эле КР чек ара кызматынын түзүлгөнүнө он жыл болгонуна байланыштуу атайын кеңешме өткөрүлүп, анда акыркы убактарда Жалал-Абатта, Өзгөндө болгон окуяларга байланыштуу тийиштүү тапшырмалар чек араны күзөтүп турган жоокерлерге, офицерлерге берилгенин кошумчалады.
5-июлдан 6-июлга оогон түнү Кытайдын Кыргызстан менен чектеш жайгашкан Шиңжаң уйгур автономдуу районунда баш-аламандык болуп, андан 150 дөн ашуун киши каза тапкан. Тополоң 7-июлда дагы уланып барып басылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG