Талапкер Темир Сариев Жалал-Абат облусунун Токтогул районунда болуп, андан ары Таласка жол тартат. БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев Нарындын Жумгал районун толук кыдырып, Миң-Куш шаарчасынын эли менен жолугушат. Азыркы президент Курманбек Бакиев Ысык-Көл облусуна жол тартып, Каракол шаарынын тургундары менен жолугушарын президенттин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Курманбек Бакиев бул сапарында ошондой эле Ысык-Көлдүн тескейиндеги “Аалам ордо” улуттук маданий комплексинин ачылышына катышат. Калган талапкерлердин үгүт иштери тууралуу азырынча маалымат жок.(ZKo)