Мындан сырткары дагы бир уйгур жаракат алган. Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары аларды “мыйзам бузгандар” деп атады. Шинжаң-уйгур автоном районунун борборунда кытайлар менен уйгурлардын өткөн аптадагы кагылышуусунан кеминде 184 киши каза тапкан эле. Расмий маалыматка караганда, алардын 137си кытайлар, 46сы уйгурлар. Кытай өкмөтү Үрүмчүдө стабилдүүлүктү кабылына келтирүү үчүн шаарга миңдеген аскерлерди киргизген.