Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууну улантышууда


Президенттикке талапкерлердин ичиндеги жалгыз аял –Токтайым Үмөталиева бүгүн Талас шаарында, Талас жана Бакай-Ата райондорунда шайлоочулар менен жолугушат. Таласта дагы бир талапкер Нурлан Мотуев да үгүт иштерин жүргүзүп жүргөнү айтылууда. Ал эми азыркы президент Курманбек Бакиев үгүт ишинин алкагында түштүккө кайра жөнөп кеткендигин анын штабынан маалымдашты. К. Бакиев бүгүн Кызыл-Кыядагы цемент заводунун ачылышына катышат. БЭКтин бирдиктүү өкүлү Алмазбек Атамбаев Чүйдүн айрым райондорунун жана Бишкектеги жаңы конуштардын тургундары менен жолугушат. “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев Кемин районун кыдырып жүрөт. Жеңишбек Назаралиевдин үгүт иштери тууралуу азырынча маалымат белгисиз.(ZKo)

XS
SM
MD
LG