Эки тараптын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү былтыркыдай согушту кайра болтурбоо үчүн аракеттерди талкуулашмакчы. Кечээ Орусиянын президенти Дмитрий Медведев күтүүсүз жерден Түштүк Осетияга келип-кеткен. Былтыр Орусия менен Грузия дал ушу Түштүк Осетиянын айынан согушукан эле. Андан кийин Орусия Түштүк Осетия менен Абхазияны Грузиядан көз карандысыз мамлекеттер деп тааныганын жарыялаган.