“Шайлоого катыш, добуш бер” деген ураандын астындагы бул акция жаштарды шайлоого тартууга багытталган. Кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы бул иш чара бүгүн кечки саат жетиде эcки аянтта башталат. Концертти БШК менен мэриянын өкүлдөрү ачып берет. Эскерте кетсек, БШК тарабынын уюштурулуп жаткан акция буга чейин Кыргызстандын түштүк аймактарында өткөрүлгөн. (AzK)