Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Алмазбек Атамбаев Бакай-Ата районунда шайлоочулар менен жолугушту


Бириккен Элдик Кыймылдын президенттике бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев 16-июлда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылынын шайлоочулары менен жолугушту. Ага айылдын тургундары дээрлик бүтүндөй катышты. Жолугушууга оппозиция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев да катышып, сөз сүйлөштү. Алар Алмазбек Атамбаевдин программасында пенсия жана жөлөк пулдардын көлөмүн 3500 сомго жеткирүү, Жарандык көзөмөлдөө комитетин түзүү, өлкөнү системалык өзгөртүү каралганын билдиришти. Бийликти жер сатуу, коррупция, коркутуп-үркүтүү боюнча айыпташты. Бул тууралуу Атамбаевдин шайлоо штабынан кабарлашты.
“Ак жолдун” талапкери Курманбек Бакиев бүгүн Арча-Бешикте жаңы конуштардын өкүлдөрү менен жолугушуп, жер сатуу боюнча айыптарды четке какты.“Кытай менен биздин ортобузда чек ара маселелери чечилип, парламент бекиткен. Эч кандай жерди жылдыруу же берүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес”, - деп ишендирди талапкер К. Бакиев.
Ат-Башы районунда Арпа жана Ак-Сай жайлоолорун Кытайга ижарага берилишине каршы болгон жергиликтүү тургундар Торугарт-Бишкек жолун 6-июлда тосушкан эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG