Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Кыргызстандагы партиялардын жаштар канаттары жолугушуу өткөрүшөт.


Жолугушуу бейрасмий жагдайда болот. Ага оппозициялык маанайдагы жаштар да катышат. Жаштар иши боюнча департаменттин маалыматында , жолугушууда президенттин алдында жаштар иши боюнча Координациялык Кенеш түзүү меселеси, ошондой эле социалдык заказга деп бөлүнө турган 50 миллион сомду бөлүштүрүү механизмдери талкууланат. Учурда “Ак-Шумкар”, “Жаңы Кыргызстан”, Социал демократтар, “Ар-Намыс” партиясынын жаштары жана “Мен ишенбейм”, “Кебел” кыймылы жолугушууга катыша тургандыктарын билдиришкен. “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөсү Гүлшайыр Абдирасулованын айтымында, Координациялык кеңештин 50 пайызын мамлекеттик кызматкерлер 50 пайызын жаштардын лидерлери түзөт. Алар 50 миллион акчанын туура бөлүнүшүн камсыз кылышы керек. Белгилей кетсек, жаш лидерлерди мындай жолугушуусу жакынкы күндөрү өткөрүлүп, анда Координациялык кенешти түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу керектиги айтылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG