Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

ЕККУ өкүлү журналисттерге кол салууга тынчсызданды

“ЕККУ бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстандагы журналисттерге кол салуулардын көбөйгөнүнө тынчсызданууда”,-деп билдирди Бишкектеги ЕККУнун борборунун жетекчиси Эндрю Тесорьер Ысык-Көлдө өткөн III эл аралык адам укуктары боюнча форумда. Анын айтымында, журналист Алмаз Ташиевдин кайгылуу өлүмү ар тараптуу дыкат иликтенип, массалык маалымат каражаттары коркутуп-үркүтүүлөрсүз өз милдетин жоопкерчиликтүү аткарууга мүмкүнүлүк алышы керек.
Көз карандысыз журналист Алмаз Ташиев Ноокат райондук милиция кызматкеринен катуу сабалып, 12-июлда ооруканада көз жумган. Эки жыл мурда журналист Алишер Саипов белгисиз адам тарабынан атып өлтүрүлүп, быйыл “Репортер-Бишкектин” аналитиги Сыргак Абдылдаев, оппозициялык гезиттин жазмакери Абдувахап Мониев, журналисттер Улугбек Бабакулов, Елена Агеева, Бахадир Кенжебаев белгисиз адамдар тарабынан токмоктолгон. (AJ)
XS
SM
MD
LG