Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Укук коргоочулар кеңеши Акыйкатчыга кайрылды


Акыйкатчы алдындагы укук коргоочулар кеңеши Турсунбек Акунга кайрылып, 23-июлга белгиленген президенттик шайлоого байкоо жүргүзбөөнү сунуштады. Укук коргоочулар кеңешинин пикиринде, Акыйкатчынын аппараты “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзам чегинде иштейт, Акыйкатчыга Жогорку Кенештин таасири чоң, ал эми Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү суроо туудурат, анткени бул парламентти шайлоонун жыйынтыгы ачык жарыяланган эмес. Ошондуктан Акыйкатчы тараптан байкоо жүргүзүү жарандык коомдун көз карандысыз байкоосуна атаандаш катары пайдаланылышы мүмкүн. Буга байланыштуу Акыйкатчы Турсунбек Акунга байкоо жүргүзбөө сунушталганын Акыйкатчы алдындагы укук коргоочулар кеңеши бүгүн маалымдады. (AiT)





XS
SM
MD
LG