Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

А. Пукач журналисттин өлүмү боюнча сурак берүүдө


Мындан тогуз жыл мурда украиналык белгилүү журналист Георгий Гонгадзени өлтүрүүгө тийешеси бар деп шектелген Алексей Пукач кылмышты уюштургандардын атын атады. Бул тууралуу маалымат жыйынында Украинанын Коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Василий Грицак билдирди. Генерал-лейтенант Алексей Пукач 2003-жылы дайынын билдирбей качып кеткен. Эки жылдан кийин ага журналист Гонгадзени өлтүргөн деген айып коюлган. Журналист Георгий Гонгадзе мурдагы президент Леонид Кучманын режимин сындагандардын бири болчу. Анын өлүк денеси Киевдин жанындагы токойдо табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө Алексей Пукач журналистти уурдап кеткен милиция офицерлеринен турган топту жетектегени аныкталды. Өткөн жылы үч милиция кызматкери бул кылмыш үчүн узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG