Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

АКШнын вице-президенти Грузияда


АКШнын вице-президенти Жо Байден Грузияга эки күндүк иш сапары менен келди. Президент Михаил Саакашвили менен жолугушуу маалында Жо Байден АКШ Грузияны мындан ары да колдой берерин белгиледи. Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Вашингтонго колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, “Грузия эч качан Орусияга багынып бербейт” деп айтты. Бүгүн Жо Байден грузин парламентинде сөз сүйлөп, оппозиция лидерлери менен жолугушары күтүлүүдө. АКШнын вице-президенти Грузияга Украинадагы иш сапарынан кийин барды. Киевдеги сапарын аяктап жатып Жо Байден украин саясый жетекчилигине курч сөздөр менен кайрылды. Ал саясый зиректигин көрсөтүп, 2004-жылкы Саргылтым ыңкылап учурунда берген убадаларынын өтөсүнө чыгууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG