Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

К. Бакиев: Административдик ресурс болбойт


Мындай пикирин президент жана президенттикке талапкер Курманбек Бакиев бүгүн №1223 шайлоо участогунда журналисттер менен жолугушууда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.

- Бул сөз суу кечпеген сөз. Туура эмес. Административдик ресурс болгон эмес жана болбойт. Мен муну биринчи күндөн бери айтып келатам губернаторлорго, акимдерге – баарына айтып келатам: мага кошоматка кой сойгондун кереги жок. Мага анын кереги жок. Ансыз эле баары жакшы болот. Мен буга толук ишенем. Алы жетпесе ошондой сөздөрдү айта берет, - деди президент К. Бакиев

Курманбек Бакиев ошондой эле административдик ресурстар шайлоого терс таасирин тийгизет дегенге ишенбейт. “Бирок сөзсүз бир да мамлекетте, бир да өлкөдө шайлоо эч кандай кемчилиги жок, бардыгы эле телегейи тептегиз болду дегенден алысмын. Адам деген адам экен, анча-мынча кээ бир жерлерде кемчиликтер болушу мүмкүн. Бирок анын баарын мамлекеттин деңгээлине көтөрүп, шайлоого ушундай тескери таасир тийгизди дегенге негиз жок” - деди “Азаттыктын” суроосуна берген жообунда.

Президенттин болжолунда, бул жолку президенттик шайлоо биринчи кезекте элдин добуш берүүгө көп катышуусу менен айырмаланат.

Президент жана президенттикке талапкер Курманбек Бакиев бүгүн жубайы менен Бишкектеги №1223 шайлоо участогунда добуш берди. Соңунда журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Бүгүнкү президенттик шайлоого талапкер катары Курманбек Бакиевден тышкары дагы беш талапкер катышууда. Алардын катарында Алмаз Атамбаев, Темир Сариев, Токтайым Үмөталиева, Жеңишбек Назаралиев жана Нурлан Мотуев бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG