БШКнын маалымдоосуна караганда, бүгүн саат күндүзгү төрткө карай өлкө боюнча шайлоочулардын 61.89% же 1 миллион 769 миң шайлоочу добушун берди. Шайлоо кодексине ылайык эгерде добуш берүүгө шайлоочулардын жарымынан көбү добуш берүүгө катышса, анда шайлоо болду деп эсептелет. (AiT)