Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:13

“Биримдиктин” жаштары камакка алынды


Бириккен элдик кыймылдын ичиндеги “Биримдик” жаштар уюмунун мүчөлөрүн Бишкектеги Техникалык жана Улуттук университеттин жатаканаларынан тартип коргоо органдары кармап кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун лидери Руслан Анаркулов билдирди. “Биримдиктин” өкүлдөрү талапкерлер Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиевдин шайлоону мыйзамсыз деп жарыялашканын колдой турганын билдиршкен. Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Бакыт Сеитов “Азаттыкка” жаштар камакка алынбаганын, бул маалымат текшериле турганын билдирди. (EBM)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG