Оппозициянын лидери, укук коргоочу Аун Сан Су Чжиге каршы сот процесси кайра башталды. Аны үй камагынын эрежелерин бузган деп айыпташууда. Эгерде 64 жаштагы укук коргоочуну айыптуу деп табышса, ал беш жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн. Акыркы 19-жылдын 13үн Су Чжи айым үй камагында өткөргөн. Анын жетекчилигиндеги Демократия үчүн улуттук лига деген партиянын 1990-жылкы шайлоодогу жеңишин Мьянманын бийлиги тааныбай койгон эле.