Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад өлкөнүн Чалгындоо кызматынын жетекчисин ишинен бошотту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады. Байкоочулар президенттин мындай чечимин биринчи вице-президенти болуп Эсфандияр Рахим Машайанын дайындалганына байланыштуу чыккан жаңжал менен байланыштырышууда. Эсфандияр Машайа – президент Махмуд Ахмадинежаддын жакын тууганы.