Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Бүгүн Кыргызстанга Казакстан президенти келет


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин учагы Ысык-Көл облусундагы Тамчы аба майданына конмокчу. Казакстан президенти Н.Назарбаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Ысык-Көл облусунда өтүүчү бейрасмий саммитине биринчилерден болуп келатат. Буга чейин президенттин катчылыгы Беларус президенти Александр Лукашенка дагы Кыргызстанга бүгүн келерин, ал Бишкектеги “Манас” эл аралык аба майданына конорун билдирген.

ЖККУнун курамына кирген башка өлкө башчылары Кыргызстанга эртең келишет. 31-июлда алгач Армениянын делегациясы келсе, андан соң удаа Тажикстан, Өзбекстан, Орусия жетекчилери жана уюмдун башкы катчысы Николай Бордюжа келмекчи.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын түштүгүндө бул уюмга караган дагы бир аскердик база жайгаштыруу маселеси чечилип калганы айтылууда. Бейформал саммитте бул базанын ачылышын шарттаган документтерге да кол коюлушу мүмкүн. (IJz)

XS
SM
MD
LG