Шайлоонунун жыйынтыктарына ылайык, бийликтеги коммунисттер парламенттеги көпчүлүктөн кол жууп калды. Добуштардын 98 проценти саналып чыккан саатка карай оппозициядагы либералдык партияларга шайлоочулардын 50,7 проценти ишеним көргөзгөнү маалым болду. Коммунисттер добуштардын 45 процентин чогулта алышты. Ошентип, коммунисттик партия 101 орундуу парламентте 48, оппозиция 53 мандатка ээ болмокчу. Сөз болгон 4 партия коалиция түзө алса, өкмөт куруу укугун алмакчы. Бирок алар президентти өз алдынча шайлоо үчүн жетиштүү орун ала алышкан жок. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) шаршемби күнкү шайлоо кээ бир кемчиликтерге карабай, жакшы өттү деген баасын берди.