Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Талибан шайлоону үзгүлтүккө учуратууну көздөөдө


Талиптер оогандыктарды 20-август күнкү президенттик шайлоого катышпоого, анын ордуна жихадка - ыйык согушка кошулууга үндөштү. Топтун вебсайтында жарык көргөн билдирүүдө талибан кыймылы согушчандарына шайлоо алдында жолдорду тороого, добушканаларды бутага алууга буйрук берди. Ооганстанда азыр эларалык бейпилдик күчтөрүнүн 90 миңдей жоокери жайгаштырылган. Шайлоонун алдында коопсуздукту камсыздоо иштерине америкалык, британиялык, канадалык аскерлер менен катар оогандык күчтөр тартылган.

XS
SM
MD
LG