Петровка жаңжалын уюштурган деп айыпталып жаткан Сапар Аргынбаев менен Уран Рыскуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч арызды Москва райондук соту канааттандырган жок. Буга чейин ушундай өтүнүч менен кайрылган Э. Бөлөкбаевдин да арызы четке кагылган эле.
25-апрелде Петровкадагы баш-аламандыкты уюштурган деген айып менен камакка алынгандардын иши Москва райондук сотунда каралып жатат. Бул айып менен жети киши камалган. Алардын ичинен “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев, “Болуш” ассоциациясынын президенти Сапар Аргынбаев жана айылдын тургуну Уран Рыскулов өздөрүнүн камалышын саясий себептерге байланыштуу деп эсептешет.(ZKo)