Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Токтогулдагы суу 11,5 млрд. метр куб


“Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 6-августта 11,55 млрд. метр кубду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдагы ушул мезгилдеги көрсөткүчтөн 2,2 млрд. метр кубга көп.
Суунун агымы секундасына 954 метр куб, ал эми агып чыккан суу секундасына 287 метр куб болууда.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд. метр куб суу батат. Өткөн жылдары суу максатсыз пайдаланылганынын кесепетинен 2008-жылы суу сактагычтагы суунун көлөмү дээрлик 7 млрд. метр кубга чейин азайган. Сууну иштетип, электр энергиясын берүүчү Токтогул ГЭСи адистердин айтуусунда суу сактагычтагы суунун 6,5 млрд. метр куб көрсөткүчүндө ишин токтотот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG