Чолпон-Ата шаарында ушул күндөрү Оймо-2009 деп аталган эл аралык фестиваль уланууда. Иш-чара 6-август күнү Бишкекте ачылган. 12-августка чейин эми көлдө болмокчу. Анда Борбор Азиянын ууздары жасаган буюм-тайымдар сатык-көргөзмөгө коюлган. Фестивалдын алкагында ошондой эле аталган аймактын дизайнерлеринин этномодасы көрсөтүлүп, уузчулук боюнча окутуулар өткөрүлүүдө. Уюштуруучулардын маалымдашынча, бул иш-чаранын негизги максаты Борбор Азияда туризмди өнүктүрүү болуп саналат. (EBM)