Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Эртең “Кылым шамы” уюму Бишкекте митинг өткөрөт


Эртең “Кылым шамы” укук коргоо борбору Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдында каршылык акциясын өткөрөт. Ага бардык каалоочулар чакырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, укук коргоочулар акцияга эки талап менен чыгышмакчы. Биринчи талап, террорчулукка, экстремизмге каршы күрөшүүдө адам укуктарынын сакталышы. Ал эми экинчиси, улуттук коопсуздук кызматынын камоо, куралдуу операцияларды жасоо жаатындагы иштеринин ачык болуусу.

А.Абдрасулованын айтымында, улуттук коопсуздук кызматы Ноокаттагы камоолор, андан кийин Өзгөн, Жалал-Абаддагы террорчуларга каршы операциялардан кийин да маалыматтарды жаап-жашырган жана көптөгөн суроолорду жараткан аракеттерине түшүндүрмө бербей келет. (IJz)

XS
SM
MD
LG