Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Балыкчыда 20 чакты кишинин иши тергелүүдө


Айыпталуучулардын адвокаттарынын бири Шабдан Абдыкасымовдун билдиргенине караганда кылмыш ишин 15 кишиден турган тергөө тобу жүргүзүүдө. Алардын курамында Ысык-Көл облустук, Балыкчы шаардык прокуратуранын, милициянын, Коопсуздук комитетинин бөлүмдөрүнүн тергөөчүлөрү бар. Тергөө иши качан аяктаары бейдарек. Балыкчы окуясы боюнча Кылмыш Кодексинин Конституциялык түзүлүшкө кол салуу аракетин жасоо, шайлоого тоскоол болуу, баш аламандык уюштурууга аракет кылуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Айыпталуучулардан 14 киши учурда Балыкчыдагы убактылуу кармоочу жайда отурат. Аларды милиция 23-июлдагы жаңжалда кармап, Караголдогу тергөө абагына жеткирген. Ал эми өткөн аптада кайра Балыкчыга которгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG