Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:04

Кыргызстанда абийир туткундары жарыяланат


Саясий куугунтукка каршы комитеттин жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин маалымдоосуна караганда, бүгүн маалымат жыйынында Кыргызстандагы абийир туткундарынын ысмы жарыяланат. Алардын жалпы саны 50гө чукул киши жана алар Чүй, Бишкек жана Балыкчыда кармалгандар. Бул адамдарды Саясий куугунтукка каршы комитет абийир туткундары деп жарыялайт. Ал эми расмий бийлик мыйзам чегинде иштеп жатканын билдирүүдө.(AiT)
XS
SM
MD
LG