Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Грузиянын КМШдан чыккан фактысына өзүнүн мамилесин билдирди. Анда "Кыргыз Республикасы Грузия эгемен мамлекет болгондуктан, тигил же бул уюмга катышуу маселесин өзү аныктайт деп эсептейт",-деп жазылган. Бир жыл мурун Грузиянын тышкы иштер министрлиги КМШнын аткаруу комитетине өлкөнүн Шериктештиктен чыгарын билдирип нота жөнөткөн. КМШнын жобосунун 9-беренесине ылайык өлкөнүн мындай чечим кабыл алууга укугу бар. Ал КМШдан чыгуу ниетин 12 ай мурун билдириши керек. (AzK)