Ирандын президенти бүгүн жаңы кабинеттин курамын жарыялайт. Ал 21 министрдин үчөө аял болоорун билдирген. Исламдык жумурияттын 30 жылдык тарыхында буга чейин эч качан аял киши министрлик кызматта иштеген эмес. Алар билим берүү, саламаттык, социалдык иштер министрликтерине келээри маалымдалды. Өкмөттүн курамын парламент жактырышы керек, бирок талапкерлерге консерваторлор да, Ахмединежаддын июнда кайра шайланышын мыйзамсыз деп эсептеген сабырдуулар да каршы чыгышы мүмкүн экендиги кабарланууда.