Бул жөнүндө 2010-жылдын бюджет долбоору тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат. Маалыматка караганда, бюджеттин таңсыктыгы келерки жылы сырткы гранттар жана мамлекеттик инвестицияларды кошпогондо 5.1% болоору белгиленүүдө. Республикалык бюджеттин кирешеси 46 миллиард 434 миллион сом, чыгашасы 59 миллиард сомдон ашуун болот деп саналууда. Долбоор өкмөттө жактырылып, андан кийин парламентке жолдонуш керек.(AiT)