Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 02:28

Ооганстанда добуштар саналууда


Ооганстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди сабырдуулукка чакырып, алдын-ала билдирүүлөрдү жасабай турууга үндөдү. Комиссиянын жетекчисинин орун басары Зекриа Баракзайи “шайлоо жыйынтыгын жарыялоо – бул комиссиянын иши” деп билдирди. Ооганстанда кечээ (20-августта) өткөн президенттик шайлоодогу негизги эки атаандаш талапкер тең – учурдагы президент Хамид Карзай жана анын атаандашы Абдулла Абдулла өздөрүнүн башкалардан алдыга озуп чыкканын айтып чыгышты.

XS
SM
MD
LG