Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

А.Саиповго байланыштуу иш кайра тергелет


Бул тууралуу маркум журналист Алишер Саиповдун атасы Аваз Саипов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, А.Саиповдун өлүмүнө байланыштуу сот жараянында аны өлтүрдү деп шектелип жаткан мурдагы милиционер, Лейлек районунун тургуну Абдуфарид Расулов журналистти өлтүрбөгөндүгүн жана ал окуя болгон күнү Ош шаарында болбогондугун сотто айткандан кийин, 29-июлда ишти биринчи жолу карап жаткан Ош шаардык соту тергөөдө бир топ такталбаган мүчүлүштүктөр бар экендигине байланыштуу ишти кайра тергөөгө жиберүү тууралуу токтом чыгарган. Үстүбүздөгү жылы 6-августта Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев президент Курманбек Бакиевге маалымат берип, Алишер Саиповду өлтүргөн кылмышкер табылып тергөө жараяны аяктап, иш сотко өткөрүлгөндүгүн билдирген. Журналисттин атасы Аваз Саиповдун божомолунда бул ишти тезирек жабууга жогору жактан көрсөтмө болушу мүмкүн. (AJ)

XS
SM
MD
LG