Ысык-Көл жана Чүй облустарынын автожолдорун оңдоого жана аны кармоого жабдыктар менен камсыз кылуу долбооруна жапон өкмөтү каражат бөлөт. Бул боюнча документке 24-августта Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Кубанычбек Мамаев менен Кыргызстандагы JICAнын туруктуу өкүлү Шунтаро Кавахара кол коюшту. Маалыматка караганда, жогорудагы долбоордун көлөмү болжол менен 8-10 млн. АКШ долларды түзөт. (AJ)