Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Британ жана жөөт премьер-министрлери жолугат


Беньямин Нетаньяху менен Гордон Браун бүгүн Лондондо Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын кайра жандандыруу аракетинде кездешмекчи. Британиядан соң ушул бейшембиде немец канцлери Ангела Меркел менен кездешүүчү жөөт өкмөт башчысы европалык кесиптештери менен Ирандын өзөктүк курал программасын токтотуу боюнча эл аралык аракеттерди да талкууламакчы. Беньямин Нетаньяху Лондондо АКШ президенти Барак Обаманын Жакынкы Чыгыш боюнча атайыл өкүлү Жорж Митчелл менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

АКШнын Израилден Иордандын Батыш жээги менен Чыгыш Иерусалимде жөөт конуштарынын курулушун токтотуу жөнүндөгү талабын колдогон өлкөлөр арасында Британия менен Германия да бар. Конуштардын курулушунун токтотулуусу тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруудагы чечүүчү маселе катары каралууда.

Биньямин Нетаньяху ушул жекшемби күнү конуштар маселеси боюнча АКШ менен пикир –келишпестик алдыдагы апталарда чечилип, сентябрь айынын соңуна карата тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кайра жандануусуна мүмкүндүк берет деген үмүттө экенин билдирди. Сүйлөшүүлөр былтыр декабрда Израиль палестиндердин Хамас уюму тарабынан башкарылган Газа секторуна чоң жоготууларга алып келген чабуул жасагандан кийин токтоп калган.

XS
SM
MD
LG