Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Чочко тумоосу дүйнөдө тез тарап жатат


Бириккен улуттардын башкы саламаттык агенттиги билдиргендей, бул тумоо башка вирустардан төрт эсе ылдам тарап, андан көз жумгандардын 40 пайызы ден-соолугу бекем жаштар болууда. Дүйнөлүк Саламаттык уюмунун башкы директору Маргарет Чак Франциянын Лө Монд гезитине «вирус адам ишенбей турган, эч ким угуп-билбеген ылдамдыкта тарап жатат» деп билдирди. Анын айтымында, пандемия менен күрөшкө жетиштүү вакцина бир нече айда даяр болот. Бүгүнгө чейин апрель айында башгалган тумоодон дүйнө жүзүндө 2180 киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG