Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:02

Арменияда демонстрация өттү


Армениянын ордо калаасында болжол менен миңге жакын киши Ереван менен Анкаранын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнө каршылыгын билдирип, демонстрация өткөрүштү. 31-августта Армения менен Түркия мамилелердеги кризисти жоюп, дипломатиялык мамилелерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу макулдашкан. Армения Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Осмон империясы 1 жарым миллион армянды массалык өлтүргөн деп, муну Түркиядан геноцид катары таанууну талап кылып келет. Байкоочулардын баамында, мамилелердин жакшыруусунан эки өлкө утат: Армения жаңы базарларга кирүү мүмкүнчүлүгүн алса, Түркия Евробиримдикке кирүү мүдөөсүн бекемдемекчи.

XS
SM
MD
LG